Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу күндөн кийинки үчүнчү планета. Жер Күндү тегеренет. 2. Кургактык (океан, деңиз ж. б. сууларга карама-каршы түшүнүктө). Моряктар горизонтто жерди көрүштү. 3. Биздин планетанын үстүнкү бети, үстүнкү катмары, кыртыш, топурак. Борпоң жер. Кара топурактуу жер. Ак чополуу жер. Таштуу жер. Семиз жер. 4. Айдоо, жайыт, чабык катарында пайдаланыла турган аянт, белгилүү бир участок. Чабынды жерлерибиздин көпчүлүгүнө машина жүрө албайт (Убукеев). Айдоо жерлер кеңиди, Ак буудай арбын себилди (Үмөталиев). 5. Өлкө, мекен, мамлекет. Ошентип, Мыскал жаш өмүрдүн кымбат доорун Украина жеринде өткөрүп келди (Сыдыкбеков). Киндик каным тамган жер, Кеңеши бирге тууган эл (Нуркамал). Туулган жер Мыскалдын көзүнө алда эмнедей көрүнөт (Сыдыкбеков). 6. Орун, белгилүү бир жай. Тандап алган жери – береги көлгө кирип барган булуңча (Сыдыкбеков). Ар жерден боз үйлөрдү көзүң чалат (Шүкүрбеков). // Кандайдыр бир өлчөмдүү аралык. Алтын Чолпонду кыйла жерге узатып барды (Байтемиров). Дал суунун орто жерине келгенде карады эки жакты (Шүкүрбеков). || Көбүнчө келген тарап же келин болуп келүүчү кыздын төркүндөрү, куда тарап. Келин жаман эмес, келген жер жаман (макал). Арзыган жерден кыз алса, Адамга ушул жыргал да («Олжобай менен Кишимжан»). 7. Дененин же кандайдыр бир нерселердин айрым бөлүгү. Бир жериңиз ооруган жокпу? (Байтемиров). Көйнөгүнүн бир жери айрылып калыптыр («Жаш ленинчи»). 8. Кандайдыр бир нерселердин, иштин, жөнүн, шартын, ал-абалын билдирүүдө колдонулат. Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Бурулча иштин ток этер жерине өттү (Байтемиров). Капа болом баарыңа, Ак жерден өлгөн Сарыга (Токтогул). Жакшы жери анча алыс эмес (Сыдыкбеков). Барпы жок жерден алтын тапкандай сүйүнүп кетти (Байтемиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР АЛДЫ — байыркы мифологиянын негизинде пайда болгон түшүнүк. Байыркы адамдардын диний түшүнүгү боюнча дүйнө үчкө бөлүнгөн: биринчи — асман (кудайлар өлкөсү), экинчи — адамдар жашаган дүйнө, үчүнчү — жер астындагы дүйнө (өлүктөр дүйнөсү). Айрым адабиятчылардын пикири боюнча мифологиялык түшүнүктөрдүн алгачкы учурун таза диний мифология катары кароого болбойт. Кийинчерээк адамдар тапка бөлүнгөндөн кийин, бул элдик түшүнүк таптык кызыкчылыкка баш ийдирилип, мусулман дининин куралына айланган. Байыркы кыргыздар да кыял менен жаратылышты бул тирүү адамдар жашаган дүйнө, өлгөн адамдар жашаган тигил — Ж. а-ндагы дүйнө деп экиге бөлүшкөн. Эпосто сүрөттөлгөн Ж. а-ндагы дүйнө жер үстүндөгү турмуштан эч бир айырмаланбайт. «Бокмурун элге кабар жибергени, Көкөтөйдү коигону» деген окуяда Ж. а-ндагы дүйнө төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Күтүнүп турсаң ашыңа
Күлдү журт келер кашыңа.
Жердин өзү дөңгөлөк
Жеткен жан келер жөрмөлөп.
Жер астында эрлер бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 67).

Мында кыргыз эпосундагы Ж. а-ндагы дүинө жөнүндөгү түшүнүк, башка түрк элдеринин көз карашындай эле бул элдин поэтикалык гана көз карашы деп жыйынтык чыгарууга болот.
9-кылымга чейин кыргыздарда, Алтайда, Батыш Сибирде жашаган элдерде тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүк абдан күчтүү болгон. Алтайлык жана Сибирде жашаган түрк элдеринин чыгармачылыгында Ж. а-ндагы кудайлар, шамандар менен болгон согуш учурайт. Башкы каарман тагдырына багышталган аялды алуу үчүн Ж. а-на түшүү, болбосо алыскы бир жерге чоочун элге саякат жасоо башка элдердин эпикалык оозеки адабияттарында да кезигет. Бул мотив алардын өтө байыркылыгын белгилейт.
Академик В. В. Радлов алтайлыктардын элдик чыгармалары менен таанышкандан кийин, бул түрк урууларынын оозеки чыгармаларында кеңири кезигүүчү Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрдү шаманизмдин теңири катары карабастан, шамандык көз караштан өзгөчөлөнүп турган алтайлыктардын поэтикалык көз карашы катары караш керектигин эскерткен.
Ж. а-ндагы дүйнө жөнүндө кыргыз элинин жөө жомокторунда, «Манас» эпосунда, негизинен «Эр Төштүктө» кеңири кездешет. «Эр Төштүк» эпосундагы Ж. а-ндагы турмуш жөнүндөгү мифологиянын өнүгүшү тигил дүйнө жөнүндөгү түшүнүктүн чыгышы, тактап айтканда, жан адамдын денесинен бөлөк жашайт деген түшүнүктүн келип чыгышы менен байланыштырылган. «Манас» эпосунун негизги варианттарында да Төштүк Ж. а-на түшүп барып, кайра келген баатыр катары сүрөттөлөт:
Элемандын эркеси
Жер алдына түшкөнү
Жети жыл болгон чагы экен,
Жер үстүнө чыкканы
Жети күнчө бар экен
Ошо Төштүк келгени (Саякбай Каралаев, 2. 12, 40; Сагымбай Орозбаков, 3. 106).

Төштүктүн Ж. а-на түшүшүн шамандык мифология катары карабастан, байыркы адамдардын түшүнүгү катары караш керек.
Ы. Кадыров

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кыйын, абдан оор абалга дуушар болуп, эмне кыларын билбей, көзү караңгылап, сендиректей түшүү. Айдакенин эси оой түшүп, жер астын-үстүн болуп кеткенсиди (Осмоналиев). Жакшылыктан үмүт үзүп, жер астын-үстүн болуп чайпалат (Бердикеев). В.: Дүйнө астын-үстүн болуу. Дүйнө астын-үстүн болуп, жер көчүп бараткансып, кулак-башы чуулдайт (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өтө кыйын, абдан оор абалга дуушар болуп, эмне кыларын билбей, көзү караңгылап, сендиректей түшүү. Айдакенин эси оой түшүп, жер астын-үстүн болуп кеткенсиди (Осмоналиев). Жакшылыктан үмүт үзүп, жер астын-үстүн болуп чайпалат (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсени көзүнө илбей, текеберленип, дөөгүрсүнүп, көтөрүлүп турган абалда болуу, мен-менсинип, мурдун көтөрүп, көөп кетүү. Жаңыдан бийликке келишкендердин акылсыздары тез эле дердейип, жер баспай калышат (Осмоналиев). Чочуганым мен-менсинип жер баспай калган чунак, окус шартым жок деп коебу дейм (Бейшеналиев). Бул атагыма жер баспай, таноом дердейип калса керек (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсени көзүнө илбей, текеберленип, дөөгүрсүнүп, көтөрүлүп турган абалда болуу, менменсинип, мурдун көтөрүп, көөп кетүү. Жаңыдан бийликке келишкендердин акылсыздары тез эле дердейип, жер баспай калышат (Осмоналиев). Чочуганым: Менменсинип жер баспай калган чунак, окус шартым жок деп коёбу дейм (Бейшеналиев). Бул атагыма жер баспай, таноом дердейип калса керек (Осмоналиев). В.: Жер бетине сыйбоо. – Пах, пах! Мына бул жамандын жер бетине сыйбай турганын карасаң! (Укаев). Жер баспоо. Анын жер баспай турган кезин көрдүм.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө өлгөн адамдын терс көрүнүшүн, кыял-жоругун айтуудан мурда «өлгөн адамды жамандоочу эмес эле» дегендей мааниде эскертүү иретинде колдонулат. Жер жамандап барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаң Дорбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, кара өзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону мойнуңа ал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө өлгөн адамдын терс көрүнүшүн, кыял-жоругун айтуудан мурда «өлгөн адамды жамандоочу эмес эле» дегендей мааниде эскертүү иретинде колдонулат. Жер жамандап барбасын, Мадылдын тору кашка атын агаң Дорбу үстүнө ысык аркан чырматып жиберип, кулан чаар ат кылып, кара өзгөйлүк менен тартып алды эле, ошону мойнуңа ал (Касымбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ИЛИМДЕР ЖАНА «МАНАС» — табияттын кубулуштарын байкап,
ой жүгүрткөн адамдарды эзелтен бери жер бетинин түзүлүшү, анын өзгөчөлүктөрү кайдыгер калтырган эмес. Байыркы кыргыздардын жер кыртышынын кыймылдары жөнүндө ой жүгүртүүлөрү «Манас» эпосунун ыр саптарында кезигет:
Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду (Курама варианты, 1. 2—3).
Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү,
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү,
Сай ташындай жан өттү,
Санаттагы кан өттү,
Санжыргалуу эл өттү,
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду,
Асты үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду?!
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөп болду,
Чөл бузулуп көл болду
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Зоо бузулуп саз болду,
Каз-өрдөгү ойногон
Какыр жерге көл бүттү (Курама варианты, «Семетей», 3-4).

Жер жөнүндөгү илимдер менен терең тааныш эмес адамдар бул мисалдарды «Манастагы» көп апыртмалардын бири, эпостогу негизги окуяларды кооздоо үчүн гана айтылган сөз ыкмалары деп коюшу ыктымал. Бирок, «Манас» эпосунун ушул саптары аркылуу табият чындыгы, жер жөнүндөгү илимдер тарабынан аныкталган процесстер баяндалган. «Манас» эпосунун материалдарына таянып төмөнкүдөй илимий маселелерди кароого болот: 1) жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар; 2) өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы; 3) мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр; 4) өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу; 5) мезгил жана табият.
1. Жер бетинин өзгөрүшү, жер кыртышындагы табигый кыймылдар. Эпостогу ырлардын жалпы мазмуну — жер бетинин түзүлүшү түбөлүк бир калыпта турбайт, дайыма бузулуп, өзгөрүлүп турат деген маанини түшүндүрөт. Бул — илимий чындык жана маанилүү жыйынтык. Мындай өзгөрүүлөр жер кыртышынын өйдө-ылдый кыймылдары (жердин ички процесстери, башкача айтканда эндогендик процесстер) жана сырткы геологиялык процесстер (суу, шамал, мөңгү жана башкалар тектерди талкалап, үбөлөнтөт, ал үбөлөндү чөгүндүгө айланат) менен байланышкан. Деңиз жээктеринен мындай кыймылдар өзгөчө жакшы байкалат. Мурун кургак жерде салынган курулуштар кийин, жер кыртышы чөгүп кеткендиктен, суунун астында калган учурлар көп. Мисалы, Кара деңиздеги Сухуми булуңунда байыркы гректердин колониясынын курулуштары суунун түбүндө калган. Азов деңизинин түндүк жээктеринде байыркы скифтердин мүрзөлөрү азыр деңиз менен жабылып турат. Ысык-Көлдүн түбүндө калган шаар урандылары, ошондой эле карапалар, бышкан кыштар, куурлар да көпчүлүккө белгилүү. Арийне, мурунку турган деңгээлинен өйдө көтөрүлүп кеткен жерлер да көп учурайт: Жаңы-Жер аралында мурун жээкте салынган балыкчылардын тамдары жана кайык байлоочу мамылары азыр деңиз деңгээлинен бир топ бийиктикке көтөрүлүп калган. Суусамыр өрөөнүндөгү Айгыр-Жал деген дөңсөөгө мурда арык менен суу чыгарылып, айдоо жерлер сугарылчу. Кийинчерээк, ал жер тектирче болуп, өйдө жылып кетип, арыктагы суу бөгөлүп, айдоого жетпей калды. Азыр Айгыр-Жалда кайрак эгин айдалат.
Биз узагыраак геологиялык мезгил ичинде камтылган окуяларды алсак, эпостогу келтирилген ойлордун анык экенин даанараак көрөбүз. Палеогон жана бор мезгилдеринде (мындан 37 —137 млн жылдар мурун) биздин жерде азыркы аркайган кыргыз тоолору пайда боло элек, мелтиреген түз талаа жаткан. Климаты ысык жана кургак келип, өсүмдүктөр жок, азыркы Казакстандын Батпак Талаасы сыяктуу какыраган чөл болгон. Ал эми Фергана өрөөнү тарапта толкуган «көк деңиз» орун алган. Андан мурунураак, юра мезгилине (мындан 137 —197 млн жыл мурун) көз чаптырсак, климат нымдуу жана жылуу болгондуктан, субтропикалык өсүмдүктөр дүркүрөп өсүп турганын билебиз. Көп жерлерде чытырман токой, былкылдак саз, майда көлдөр, суулар болгон. Ал эми пермь мезгилинде жана карбон мезгилинин аягында (мындан 240—325 млн жылдар мурун) Орто Азияда мурункудан башкача жалпак тоолор, атылып турган жанар тоолор болгон. Улам өткөн доорлордун түпкүрүнө жылган сайын биздин жерибизде ар түрдүү тоолор, мелтиреген түздөр, чалкып жаткан деңиздер, какыраган чөлдөр орун алмашып, жер бети ала чакмак болуп өзгөрүп турганын геологиялык изилдөөлөр аныктоодо. Академик В. Е. Хаин мындай деп жазат: «Бардык жерде, ар убакта жер кыртышы тынымсыз кыймылдап турат: токумдай жер бети да кыймылсыз тынч турбайт жана турган эмес» («Общая геотектоника», М., 1964).
2. Өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы. «Элүү жылда эл жаңы, Жүз жылда болот жер жаңы», — деп «Манаста» айтылат. Элге караганда жер кыртышында болгон окуялар өтө жай өтөт деген түшүнүк берилип жатат. Бул да чындык. Маселен, (тиешелүү аспаптар менен) көптөгөн атайын илимий өлчөөлөрдүн натыйжасында Вильнюс шаары жылына 3,8 мм, Курск —3,6 мм, Харьков—3,9 мм, Донбасстын аймагы —10 мм өйдө көтөрүлүп, ал эми Витебск —1,4 мм, Москва —3,7 мм, Ленинград —2 мм ылдый чөгүп жатканы аныкталган. Жер кыртышы үчүн жылына 1—3 смге жеткен кыймылдар өтө катуу кыймыл катары эсептелинет. Ошентип, жердин жаңыланышы өтө акырындык менен жүргөнүнө карабастан акылга сыярлык көрүнүш. Элдин жаңыланышы бөлсө, жашоонун өлбөстүгү, түбөлүктүүлүгү менен мүнөздөлөт.
3. Мезгилдүү (ритмдүү) өзгөрүүлөр. Эпос «бардан жок болбойт» деген жаратылыш мыйзамы менен үндөшүп турат. Жогоруда келтирилген мисалдардын ар бир сабында мурунку жерлер өйдө көтөрүлдү да (сай — тоого, деңиз — чөлгө, түз — төргө), ошол эле көтөрүлгөн жерлер кайрадан ойдуң түзгө (тоо — коого, чөл — көлгө, зоолор — сазга) айланды деп аныкталат. Бул азыркы түшүнүк менен айтканда жер кыртышынын кыймылындагы биримдүүлүктү жана ритмдүүлүктү көрсөтүп турат деп айтсак болот. Жер жөнүндөгү илимдердин илимий тыянагы буларды ырастайт.
4. Өзгөрүүлөрдүн табияттык жолу. «Манастын» табиятты сүрөттөгөн ыр саптары, жер кыртышындагы өзгөрүүлөр асты-үстүнө айлануу жолу менен өтөт деген маанини берет. Бул жыйынтык геология илиминин азыркы учурдагы «жер кыртышынын кыймылы дайыма багытын өзгөртүп турат» — деген негизги тыянактарынын бирине туура келет. Терең чөккөн коо же сай бийик көтөрүлүп, тоо болорун билдирген жаратылыштык кубулуш геология илиминде «инверсия» деп аталат.
5. Мезгил жана табият. Убакыт жөнүндө ар бир адам же илимпоз ар башка түшүнүктөрдө болот. Алсак, адамдын жашын бир нече жылдан ондогон жылдар менен гана эсептейт. Тарыхчылар тарых жөнүндө сөз болгондо убакытты мындан 25, 50, 100, 150 жыл мурун деп санашат. Ал эми археологдор болсо убакытты кылымдар же маданият доорлору менен эсептешет. Геологдор болсо убакытты миллиондогон жылдар менен эсептешет. 19-кылымдын башында эле Европанын көпчүлүк окумуштуулары Библияда көрсөтүлгөн бар болгону 6000 жылды жер жаралгандан берки убакыт деп эсептешкен. Кийинчерээк, геология, физика илимдеринин өнүгүшүнүн натыйжасында убакыт чынында абдан узак экендиги, жердин жаралышынан бери 4,5—5,5 млрд жыл өткөндүгү аныкталды. Мунун өзү манасчылардын «Төккөн кумдай күн өттү, Түгөнбөс эчен түн өттү, Эсеп жеткис жыл өттү», — деп мезгилдин эсеп жеткис узактыгын баяндаган ыр саптарынын табигый ырастыгын айгинелейт.
«Манас» эпосунда айтылган жер жөнүндөгү ойлор терең мааниде экендиги кийинки илимий ачылыштардын жыйынтыгынан улам билинип турат. Жалаң гана геологиялык баян эмес, илимдин башка тармактары (биология, физика, медицина жана башкалар) боюнча да кызык маалыматтар бул залкар эпостон табылышы мүмкүн. Бул келечектин иши. Илгерки замандардан бери кыргыз элинин ичинде табиятка көз карашы, дили реалдуу болуп, жер кыртышында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө дайыма байкоо жүргүзүп келген инсандар болгонун «Манас» эпосу да ырастап турат.
А. Бакиров. К. Осмомбетов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
«Өлгүр», «өлүп кеткир» деген мааниде тилдөө, наалат айтуу, жемелөө иретинде колдонулат. «Каскактай болуп, кайдан жетип келди эле бул жер жуткур» дешери айдан ачык (Касымбеков). В.: Жер соргур! «Үлүрөйгөн жер соргур!» – деп байбиче жаалдана баштады («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР ИШТЕТҮҮ МЕНЕН ӨСҮМДҮК ӨСТҮРҮҮНҮ ХИМИЯЛАШТЫРУУ – өсүмдүктөрдүн үнөмдүүлүгүн жогорулатуу жана айылчарба өнүмдүрүнүн сапатын жакшыртуу максатында химия каражаттарын колдонуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАЗЫНАСЫ – жер үстүндө же топурак катмарынын төмөнкү чегинде, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүндө геологиялык иликтөө жана өнөржайлык өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон тереңдиктерге чейин жайгашкан (пайдалуу кендерди кошо камтыган) жер катмарынын бөлүгү. Ж. к. табигый объекттер гана –туташ кен тектери, суюк жана газ абалындагы кен тектери, жана кен тектеринин араларындагы табигый боштуктар кирет. КР аймагынын чектеринде Ж. к. мамлекеттик, муниципалдык, өздүк жана башка менчиктин түрлөрүндө турушу мүмкүн. Менчиктин муниципалдык, жеке жана башка түрүндө менчик ээлеринин жер участокторунун үстүнө чыккан, жалпы таралган пайдалуу кендер алынуучу майда жерлер гана болушу мүмкүн. Ж. к.: геологиялык иликтөө; тоо-кен байлыктарын, анын ичинде техногендик кен чыккан жерлерди иштетүү; пайдалуу тоо-кен байлыктарын казып алууга байланышпаган жер алдындагы курулуштарды куруу жана пайдалануу (мунайзатты, газ жана башка заттарды жана материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жер жылуулугун пайдалануу жана башка керектөөлөр); илимий, маданий, эстетикалык, санитардык саламаттыкты сактоо жана башка мааниси бар өзгөчө коргоодогу объектилерди (илимий жана окуу машмайдандарды, геологиялык коруктарды, үңкүрлөрдү жана башка жер алдындагы көңдөйлөрдү) түзүүгө берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАЗЫНАСЫНАН ПАЙДАЛАНУУ – жер түпкүрүн иликтөөгө, кен байлыктарын казып алууга байланышкан, ошондой эле жер түпкүрүн кен казып алуу менен байланышпаган курулуштарды куруу жана курулмаларды пайдаланууга байланышкан аракеттер.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кап-качан, алда качан эле, көптөн бери, илгертеден. Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да (Үмөталиев). Жер каймактагандан бери кошокторду бөктөрүп жүргөнсүп сүйлөйсүз да, жарыктык! («Ала-Тоо»). Биз ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди иш жүзүнө ашыра турган адамдарданбыз (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капкачан, атам замандан, алда качан, көптөн бери, небактан бери. Мындай расми жер каймактагандан бери жок эле дегеним да (Үмөталиев). Жер каймактагандан бери кошокторду бөктөрүп жүргөнсүп сүйлөйсүз да, жарыктык! («Ала-Тоо»). Биз ошол жер каймактагандан бери адамдын кулагы укпаган нерселерди иш жүзүнө ашыра турган адамдарданбыз (Байтемиров). В.: Жер замандан бери. Алардын шилтээр шумкары баягы эле жер замандан бери кой багып атагы чыгып жүрчү эле, көрчү муну (Кыдырмышев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оюн ачык айта албаган уяң, жалтак, чечкиндүү эмес, өтүмү жок. Жеме угуп жүрүп эле жер карама болуп калыптыр («Ала-Тоо»). Кыз сымал назик жана жер карама болуп калышына куу турмуштун зардабы тийди (Ашымбаев). Энеси мунун баарын сезип, кызы түгүл өзү да жер карама болуп калды (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Шагын сындырбоо, уят кылбоо, уятка калтырбоо. Жокчулук бир жагынан, белдүү туугандын жогу бир жагынан жер каратып, элден кем кылган (Ашымбаев). Каңгыган агасын кошоктогон мырзаларынын көзүнчө жер каратпай... тосконуна Байымбет маашырлана баржактады (Бейшеналиев). Колукту үлпүнчөк ичинен нестейип тиктеп, ордунан тура кала тургандай болуп барып, не уяты, не чарасыздыгы, не атаны жер каратпоо көйү этегинен басты белем, ошол бойдон селейе түштү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Шагын сындырбоо, уят кылбоо, уятка калтырбоо. Жокчулук бир жагынан, белдүү туугандын жогу бир жагынан жер каратып, элден кем кылган (Ашымбаев). Каңгыган агасын кошоктогон мырзаларынын көзүнчө жер каратпай... тосконуна Байымбет маашырлана баржактады (Бейшеналиев). Колукту үлпүнчөк ичиненнестейиптиктеп, ордунан тура кала тургандай болуп барып, не уяты, не чарасыздыгы, не атаны жер каратпоо көйү этегинен басты белем, ошол бойдон селейе түштү (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганың ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Кандайдыр бир кара сакалдын доосу менен эл караган бетим жер карап олтурса эмненин тамтыгы! (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганын, ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Бир чети уялганынан жер карап, бир чети ороюраак болсо да арам сапаты жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык (Айтматов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КАТМАРЫН КОРГОО – жер катмарын жана андагы пайдалуу кен-байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылуу, аларды мүмкүн болушунча жер катмарынан максатка ылайык алып чыгуу, кен чыккан жерди жана минералдык чийкизатты иштетүүнүн баардык баскычтарында аярдык менен пайдалануу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР КОРУ – менчикке жана пайдаланууга берилбеген жердин баары Ж. к-на жатат. Ж. к. мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ж. к-н түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана КР ЖК тарабынан бекитилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан көп, өтө оор. Жер көтөрө алгыс дүңгүрөгөн кол менен туш-тараптан Чыңгыс хандын кошуундары каптап кирип келди (Үмөталиев). Жер көтөргүс бул жорукту көрбөйүн деген Чөмүч молдо Жумгалга үй-бүлөсүн алып көчүп кетет (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан көп, өтө оор. Жер көтөрө алгыс дүңгүрөгөн кол менен туш-тараптан Чыңгыс хандын кошуундары каптап кирип келди (Үмөталиев). Жер көтөргүс бул жорукту көрбөйүн деген Чөмүч молдо Жумгалга үй-бүлөсүн алып көчүп кетет (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан оор абалга дуушар болуп өзүн начар сезип, эсин жоготуп бараткандай абалда айласы кетип туруу. Бир бутунан ажыраганын билгенде, Төлөмүштүн көңүлү караңгылап, жер көчүп кетти (Бердикеев). Шволиктин ыманы – заман болуп, алдынан жер көчтү (Ашымбаев). Бермет эстен танып, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жер көчүп, нары-бери басып жүрдү (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан оор абалга дуушар болуп өзүн начар сезип, эсин жоготуп бараткандай абалда айласы кетип туруу. Бир бутунан ажыраганын билгенде, Төлөмүштүн көңүлү караңгылап, жер көчүп кетти (Бердикеев). Шволиктин ыманы-заман болуп, алдынан жер көчтү (Ашымбаев). Бермет эстен танып, көзүнө эчтеме көрүнбөй, жер көчүп, нары-бери басып жүрдү (Абдукаимов). Менин да башым айланып, жер көчүп бара жаткансыйт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай көп, сан жеткис, жер жайнаган. Жети-Өзөндө Жедигер, Жер майышкан көп элди, Жетик Чоро жыйды эми («Сейтек»). Душман жер майышкан кол менен, дүңгүрөгөн сансыз артиллерия менен таңга жуук чабуул жасады (Абдукаимов). Баштагыдан беш бетер, Жер майышкан кол келет («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай көп, сан жеткис, жер жайнаган. Жети-Өзөндө Жедигер, Жер майышкан көп элди, Жетик Чоро жыйды эми («Сейтек»). Душман жер майышкан кол менен, дүңгүрөгөн сансыз артиллерия менен таңга жуук чабуул жасады (Абдукаимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИ – мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын, жарандардын ортосундагы, ошондой эле жер ресурстарын мамлекеттик башкаруу боюнча коомдук мамилелер. КР жер мыйзамдарына ылайык мамлекет, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, КР юридикалык жактары жана жарандары Ж. м-нин катышуучулары болуп саналышат. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар КР мыйзамдарында каралган шарттарда гана Ж. м-нин катышуучулары боло алышат. Ж. м-дин объектиси жер участкалары жана аларга болгон укуктар болуп эсептелет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эч нерсеси калбай тып-тыйпыл болуу, жоголуу, жок болуу. Бир кездерде сен да урап, жер менен жексен болорсуң! (Бектенов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе, жер менен жексен болчудай (Медетов). Ал тепсендиде бычырап, чирип, жер менен жексен болбодубу (Борбиев). 2. Өйдө карай албай, баш көтөрө албай катуу уят болуу, абдан кичирүү. Эмне кыларымды билбей, кирерге жер таппай, жер менен жексен болдум («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эч нерсеси калбай тыптыйпыл болуу, жоголуу, жок болуу. Бир кездерде сен да урап, жер менен жексен болорсуң! (Бектенов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе, жер менен жексен болчудай (Медетов). Ал тепсендиде бычырап, чирип, жер менен жексен болбодубу (Борбиев). 2. Өйдө карай албай, баш көтөрө албай катуу уят болуу, абдан кичирүү. Эмне кыларымды билбей, кирерге жер таппай, жер менен жексен болдум. В.: Жексен болуу. Энеке! Ал дүйнө жексен болду, чырмалган эмгекчилер үздү торду (Турусбеков). Таштар кумдай быркырап, жексен болду далайлар (Үмөталиев). Жер менен жер болуу. Баш көтөрө албай жер менен жер болдук («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу тыптыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан түшкөнү түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков). В.: Жексен кылуу. Фашистти жексен кылууну Баатыр аскер билүүчү (Бейшеналиев). Душманды жексен кылууга, Балбандар турат тирелип (Бөкөнбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, тып-тыйпыл кылып жоготуу, кыйратуу, талкалоо. Фашисттик жырткычты жер менен жексен кылмайынча, артынан тушкөнүм түшкөн (Баялинов). Бай-манаптар бейкам элди тарпка конгон жорудай канын соруп, жер менен жексен кылып, бейкут журтту кансыраткан (Бейшеналиев). 2. Баш көтөртпөй катуу запкы көрсөтүү, тебелеп-тепсеп колдон келет кылуу, кордук көрсөтүү. Алсыз кедейдин кызы болгону үчүн каардуу кайнене анда аны жер менен жексен кылып кордогон (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР МОНИТОРИНГИ – терс таасирлердин кесепетин өз маалында таап, ага баа берүү, эскертүү жана жоюу үчүн жер фондуларынын абалына такай көзөмөлдүк кылуу тутуму. Ж. м. мамлекеттик бюджеттин эсебинен, жер корлорун пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Ж. м-н жүргүзүү түзүмдөрү, мазмуну, тартиби КР Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР НАРККАТТАМЫ (КАДАСТРЫ) – жерлердин укуктук жана табигый чарбалык абалдары тууралуу так маалыматтардын теске салынган тутумдашкан жыйындысы. Ж. н-нын маалыматтары жер пайдалануучуларга салык салууда, жер участоктору боюнча келишимдерди каттоодо ж. б. колдонулат. Ж. н. аэросүрөттопографиялык, сүрөтграмметриялык, кадастрдык долбоорлоо-изилдөөчүлүк сүрөттөрдү тартуу, картографиялык жана баалоо иштерин, кыртыштык, геоботаникалык жана башка изилдөөлөрдү жана иликтөөлөрдү, жер мониторингин, жердин санын жана сапатын эсепке алуу жана мамлекеттик жер кадастрын киргизүүгө байланыштуу башка жумуштарды жүргүзүү менен ишке ашырылат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башка бир жерден экинчи бир жерге орун которуу, жер которуп жайгашуу. Жетимдиктин залдарынан жер ооп, жыты таяке бирөөлөрдүн кӨзүн карап, күйпуйгөн учурунда Айылчы жолугуп калды (Бейшеналиев). Жер ооп орустар там куруп жатса, дубалына таң калышкан (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
жер оодаруу менен бирдей. Жетимдиктин залдарынан жер ооп, жыты таяке бирөөлөрдүн көзүн карап, күйпүйгөн учурунда, Айылчы жолугуп калды (Бейшеналиев). Жер ооп орустар там куруп жатса, дубалына таң калышкан (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Буркан-шаркан түшүп, абдан ачуулануу, каарын төгүү. Аялыңды күтө албай башыңды аттатып жибердиң, тыякта ажы агаң андан жер сабап олтурат (Өгөбаев). Канайдын журтка таштап кеткен бул кылыгына Бишкек жер сабап өкүрдү (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Буркан-шаркан түшүп, абдан ачуулануу, каарын төгүү. Аялыңды күтө албай башыңды аттатып жибердиң, тыякта ажы агаң андан жер сабап олтурат (Өгөбаев). Канайдын журтка таштап кеткен бул кылыгына Бишкек жер сабап өкүрдү (Үмөталиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР САЛЫГЫ – КР жер участогун пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү максаттуу салыктардын бири. Салык салуунун негизги объекттери (мейли айыл чарбачылык, мейли айыл чарбачылык эмес) жер участоктору болуп саналат. Менчигинин түрүнө карабастан, жерди пайдалануу укуктары атайын белгиленген үлгүдөгү документ– мамлекеттик акты, убактылуу күбөлүк жана тастыктама менен аныкталган жер пайдалануучулар Ж. с. негизги төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Аталган төлөөчүлөр үчүн салык салуу бирдиги гектар (1 га) айдоо жери алынган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоого жайлуу жер (аба ырайы жагынан жашоого шартталган кара топурактуу дыйканчылыкка ылайыктуу жер, суусу менен чөбү мол, малга жайыты кенен жайлоо сымал жай). Ата конуш кең Талас, Жер соорусу турбайбы? («Сейтек»). Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе Ногой тунбайбы («Семетей»). Арык жок, айдагандын баары чыккан, Москва – соорусу экен бүтүн жердин (Үсөнбаев). Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жердин эң мыктысы, дыйканчылыкка, малга же башка тиричиликке ыңгайлуусу, кооз, көрктүү, өтө көркөм болуп көрүнгөн шарттары. Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Быкылдаган, жер жайнаган, абдан көп болуп көрүнгөн. Чак күндүз эле кедейлердин бапестеп өстургөн эгинин жер союлткан, жутаган малга тебелетип, айматып кирди (Бейшеналиев). Манас жоосун багынтууга жер союлткан түмөндөгөн кол менен аттанат (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Быкылдаган, жер жайнаган, абдан көп болуп көрүнгөн. Чак күндүз эле кедейлердин бапестеп өстүргөн эгинин жер союлткан, жутаган малга тебелетип, айматып кирди (Бейшеналиев). Манас жоосун багынтууга жер союлткан түмөндөгөн кол менен аттанат (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Баш көтөрө албоо, кыйроо, талкалануу. Ошонун жылма мамилесине алданып, жер сүзүп кала жаздадым э... э... (Бейшеналиев). Кызыл каармандардын соккусуна туруштук бере алышпай душмандын көп колу тумшугу менен жер сүздү (Бектенов). 2. Өзүн-өзү кармай албай шылк-шулк эткен же турууга шайы келбей, бутуна тура албай жатып калган абалда болуу (уйку менен алек болгон же мас болгон абалга карата). Куру ичегисин аракка каарытып жер сүзүп жатар эле кээде (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Баш көтөрө албоо, кыйроо, талкалануу. Ошонун жылма мамилесине алданып, жер сүзүп кала жаздадым э... э... (Бейшеналиев). Кызыл каармандардын соккусуна туруштук бере алышпай душмандын көп колу тумшугу менен жер сүздү (Бектенов). 2. Өзүн-өзү кармай албай шылк-шулк эткен же турууга шайы келбей, бутуна тура албай жатып калган абалда болуу (уйку менен алек болгон же мас болгон абалга карата) Куру ичегисин аракка каарытып жер сүзүп жатар эле кээде (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсесин калтырбай, тыптыйпыл кылуу, карайлатуу, куру алакан калтыруу. Деңкейген акын чалыш Молдону жер сыйпалатпасаң, ыраазы эмесмин (Бейшеналиев). Касымбек... Тогуз-Тородогу тезек, тагай элдеринин мол эгиндерин шыпырып жер сыйпалата тоноду (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсесин калтырбай, тып-тыйпыл кылуу, карайлатуу, куру алакан калтыруу. Деңкейген акын чалыш Молдону жер сыйпалатпасаң, ыраазы эмесмин (Бейшеналиев). Касымбек... Тогуз-Тородогу тезек, тагай элдеринин мол эгиндерин шыпырып жер сыйпалата тоноду (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда эч нерсеси жок, бүт баарынан ажырап, сызга отуруп калуу, эч нерсе таппай калуу. Эми минтип эки үйүргө жакын жылкысынан көз көрүнөө ажырап, жер сыйпалап отурат (Үмөталиев). В.: Жер сыйпоо. Жер сыйпап карайлаган мен кургур тоо булбулу Токтогулду алпештеп торолткон жеринен издеп өксүйүн (Тоголок Молдо). Эми кур жер сыйпап кайтканда, ого бетер куруйсуң го (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖЕР ТИТИРӨӨ — табигый күчтөрдүн таасиринен жер бетинин термелиши. «Манас» эпосунда да бул түшүнүк орун алган. Бирок Ж. т. кандайдыр бир чоң окуяларга байланыштуу болот, мисалы, Алмамбет төрөлгөндө, к. Зилзала.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УКУГУ – жер байлыктарын башкаруу жана пайдалануу, ээлик кылуу боюнча мамилелерди теске салуучу, ошондой эле аларды коргоо жана туура пайдалануу боюнча топтолгу укуктар тармагы. Жарандык укук ченемдери Ж. у-нун негизин түзөт; анда ошондой эле административдик жана экологиялык укуктардын ченемдери маанилүү роль ойнойт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУ – укукту күбөлөөчү документтердин негизинде, белгиленген тартипте менчик ээсине же жер пайдалануучуга бекитилип берилген чектелүү жер аянты. Ж. у-нун укуктук статусу мыйзамдуу ээлик кылуунун таризин жана пайдалануу улуксатын жана максатын өз ичине камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА БОЛГОН УКУГУН БЕРҮҮ – менчик ээсинин же жер пайдалануучунун жер участогуна болгон укугун ажыратуусу же жарандык-укук бүтүмүн жасоо жолу менен башка бир жактын убактылуу пайдалануусуна берүүсү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА ӨМҮР БОЮ МУРАСКОРЛУК ЭЭЛИК УКУГУ – жер участогун пайдалануунун туруктуу (мөөнөтсүз) укугу менен бир катарда мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторуна карата чектелген буюмдук укук. Жер участогуна мөөнөтсүз ээлик кылуу жана белгилүү чарбалык (же жеке) максаттар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамда башка жобо болбосо, ал участокто аларга менчик укугун алуу менен, имарат, курулма жана башка кыймылсыз мүлктү курууга мүмкүнчүлүгү берилет. Жарандарга гана берилет. Мураска калтырылат. Тийиштүү жер участогун ижарага же акысыз кыска мөөнөттүү пайдаланууга жол берилет. Ажыратууга жана күрөөгө коюуга тыюу салынат. Жер участогун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алууда, ошондой эле укук ээси ойдогудай пайдаланбаган учурда токтотулат. КР жарандык мыйзамдарында бул институт 1999-жылы жоюлган жана ошого ылайык пайдаланылбайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУНА УКУКТАРДЫ БЕРҮҮ – КР жер мыйзамдары боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участогун юридикалык жактарга же жеке адамдарга менчикке же пайдаланууга берүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОГУН ПАЙДАЛАНУУ УКУГУ – КР жер мыйзамдары боюнча жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же кыска мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга укук. Жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер гана ээ болушат. Жер участогун кыска мөөнөттүү пайдалануу укугу, а. и. ижара келишиминин шарттарында пайдалануу 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген. Чет өлкөлүктөргө жер участоктору кыска мөөнөттүү пайдаланууга гана берилет. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берилет. Ж. у. п. у. КР жер мыйзамдарында каралган тартипте, эреже катары, тооруктар аркылуу гана берилет, ошентсе да бул укукту тооруксуз берүүгө жол берилген учурлар да бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР УЧАСТОКТОРУНУН УНИВЕРСАЛДУУ УКУК МУРАСКОРЛУГУ ТАРТИБИНДЕ ӨТҮҮСҮ – мурастоодо же юридикалык жактардын кайра түзүлүүсүндө менчик укугунун же жер участогун пайдалану укугунун келип чыгуусу.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«жер үшө- (или жерүшө-) 1) тяготиться на чужбине; 2) сохнуть от тоски по родной земле; жер үшөдүм чужбина меня измучила» (Юдахин 1965:827). Мындагы мааниси түшүнүксүз үшө- этиши байыркы түрк тилинде «обыскивать, осматривать» дегенди туюндурган (ДТС 1969:628).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы жердин шартына көнө албай, чочуркоо, жатыркоо. Иниси жер үшөбөй, кара оокатка камбыл омоктуу эргулуна тартты (Бейшеналиев). Жер үшөбөй байырлагыла, Байымбет колумду узартып, чарбакты ээлесин, - деди Айылчы абасы (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы жердин шартына көнө албай, чочуркоо, жатыркоо, жүдөө. Иниси жер үшөбөй, кара оокатка камбыл омоктуу эргулуна тартты (Бейшеналиев). Жер үшөбөй байырлагыла, Байымбет колумду узартып, чарбакты ээлесин, – деди Айылчы абасы (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот (Жантөшев). Жигит жер чечегин безеп ырдады («Ала-Тоо»). 2. Кап-кайдагыны айтып безеленип сүйлөй берүү же безилдеп көп сүйлөө, тили буудай куруу. «Салаалап тарап сакалды, карылар айтсын макалды «деп сөзүн куюлуштуруп, анан булбулдай муңканып жер чечегин безейт эле (Осмоналиев). Тоголок Молдо жер чечегин безеп, хандан, бектен кайра тартпай, элди акыйкатка үндөп, жакырларга жан тарткан эр (Бейшеналиев). Калбубу буркурап ыйлап, жер чечегин безеп жалынат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот (Жантөшев). Жигит жер чечегин безеп ырдады («Ала-Тоо»). 2. Капкайдагыны айтып безеленип сүйлөй берүү же безилдеп көп сүйлөө, тили буудай куруу. «Салаалап тарап сакалды, карылар айтсын макалды» деп сөзүн куюлуштуруп, анан булбулдай муңканып жер чечегин безейт эле (Осмоналиев). Тоголок Молдо жер чечегин безеп, хандан, бектен кайра тартпай, элди акыйкатка үндөп, жакырларга жан тарткан эр (Бейшеналиев). Калбүбү буркурап ыйлап, жер чечегин безеп жалынат (Жантөшев). В.: Жер безөө. Жер безеп сүйлөп жатты.